Ак-Суу районунун жетекчилиги Ак-Булун айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда жол куруу иштериндеги коопсуздук маселеси көтөрүлдү.

Депутаттын эскертүүсү

Жергиликтүү кеңештин депутаты Нурзада Абдыкалыкова райондо жол оңдоо иштери жүрүп жатканын, бирок коопсуздукка биринчи кезекте көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ал курулуш компанияларына эскертүү берүүнү суранды. Себеби негизги жолдорду оңдоо учурунда мектеп окуучулары жолдун аркы өйүзүнө өтүү үчүн курулуш аянтчасы аркылуу өтүүгө аргасыз болушат.
Нурзада Абдыкалыкова, депутат

Өзгөчө көпүрө курулушунда коопсуздукту камсыздоо маанилүү. Ушуга байланыштуу депутат кооптуу аймактарга атайын белгилерди жана тосмолорду орнотуу зарылдыгын айтты.

Райондук жетекчиликтин убадасы

Райондук жетекчилик коопсуздук маселеси көзөмөлгө алынарын ишендирди. Ошондой эле жол оңдоо иштери жүрүп жаткан айылдардын тургундарын ылдамдык режимин сактоого жана унааларды этият айдоого чакырды.