25-ноябрь күнү кечинде Бишкектеги абанын сапаты ден соолук үчүн зыяндуу деңгээлде бой көтөрдү. Кыргызстандын борбордук шаары дүйнөдөгү эң көп булганган ири шаарлардын тизмесине кирди.
IQAir платформасынын маалыматына ылайык, саат 21:00дө Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 161ди түздү. Шаардын абасын негизги булгандыруучу фактор катары PM2.5 майда бөлүкчөлөрү болуп жатат. Алардын концентрациясы 70 мкг/м³ түзүп, бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштаган орточо жылдык көрсөткүчтөн 14 эсе көп экенин билдирет.
Бишкектин аба сапаты боюнча абалы күн ичинде өзгөрүп турду. Эртең менен булганганы орточо деңгээлде болсо, саат 10:00дөн кийин кырдаал начарлап, күндин экинчи жарымында AQI индекси 150дон ашып, «зыяндуу» категориясына өткөн.
Абанын сапаты боюнча көрсөткүчтөр
Дүйнөлүк рейтингде Бишкек саат 20:00дөн 21:00гө чейинки мезгилде 168 AQI индекси менен алтынчы орунду ээледи. Рейтингдин алдыңкы үч шаары төмөнкүлөр:
- Улан-Батор (Монголия) — 225
- Калькутта (Индия) — 223
- Дели (Индия) — 210
Абаны булганган PM2.5 бөлүкчөлөрү өпкөгө терең кирип, канга өтүүгө жөндөмдүү. Бул жүрөк-кан тамыр жана дем алуу жолдорунун ооруларын козгоо коркунучун жогорулатат. Мындай кырдаалда ден соолугу чың адамдар да терс таасир алганы мүмкүн.
















