Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу айыл аймагында коопсуздукту камсыздоо үчүн көчө иттерин атуу иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чара жергиликтүү тургундардын, өзгөчө мектеп окуучуларынын ата-энелеринин даттануусунан кийин башталган.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Кадыровдун билдирүүсүнө караганда, иш-чаралар Ысык-Көл облустук аңчылар жана балыкчылар коомдук бирикмесинин аңчыларынын жана Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин көмөгү менен ишке ашырылган.

Иш-чаранын жыйынтыгы

76көчө ит
50 000сом
бюджетбөлүнгөн сумма
Кыш мезгили жакындап келе жаткандыктан күн эрте батып калат. Мектептен кайтып келе жаткан балдарга иттердин кол салуу учурларын алдын алуу боюнча ата-энелерден кайрылуулар түшкөн. Натыйжада аңчылардын жана райондук ИИБ кызматкерлеринин жардамы менен 76 көчө ит атылып жок кылынды.
Асылбек Кадыров, айыл өкмөтүнүн башчысы