Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк инвестициялык фондунун жаңы президенти Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришет.
Жолугушууда министр Омуралиевди жаңы кызмат ордуна шайланганы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Тараптар Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Бакыт Сыдыковдун айтымында, Кыргызстан фонддун негиздөөчү мамлекеттеринин бири катары өлкөдө фонддун алгачкы долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар. Министр бул долбоорлорду даярдоого жана илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
- 2026-жыл, 12-ноябрь — Кубанычбек Омуралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти кызматына киришти
Министрликтин маалыматы боюнча, Омуралиевдин талапкерлиги Кыргызстан тарабынан Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилигинин демилгеси менен сунушталган жана фонддун бардык мүчө мамлекеттери тарабынан колдоого алынган.











