Бишкек шаарында унааларды онлайн кайра каттоо учурунда мамлекеттик номерлерди жана техпаспортторду үйгө жеткирүү кызматын заказ кылууга болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынан билдиришти.
25-ноябрь күнү Президенттин иш башкармалыгынын башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда жаңы кызматтын презентациясы өттү. Жаңы кызматтын иши Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбор менен «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан тестирлөө режиминде көрсөтүлдү.
Алгачкы этапта кызмат пилоттук режимде Бишкек шаарында гана жана транспорт каражаттарын кайра каттоо учурунда гана жеткиликтүү болот. «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу унааны кайра каттоодо жарандар жеткирүү кызматын тандап алышы мүмкүн:
- улуттук номер сакталып калса — техпаспортту гана жеткирүү;
- мамлекеттик номер алмаштырылса — жаңы номерди жана техпаспортту жеткирүү.
Документтер жана мамлекеттик номерлер «Кыргыз почтасы» кызматкерлерине өткөрүлүп берилген учурдан тартып төрт сааттын ичинде көрсөтүлгөн дарекке жеткирилет. Жеткирүү акысы аралыкка жараша болот жана өзүнчө төлөнөт. Кызматтын ишке кирүү күнү жана тарифтер боюнча так маалымат азырынча берилген эмес.
Буга чейин унааны онлайн каттоодон өткөргөндө да, мамлекеттик номерлерди жана техпаспортторду алуу үчүн жарандар каттоо бөлүмдөрүнө өзүнчө келүүгө мажбур болуп келишкен.













