Ленин райондук прокуратурасы 2025-жылдын сентябрь айында №218 үйдөгү батирлердин кумруптан өткөрүлүү тартибин мыйзамсыз деп таануу үчүн сотко доо ачты. Бул чечимдин натыйжасында жергиликтүү тургундар үйүнөн чыгарылып кетүү коркунучуна туш болушууда.
Тургундардын айтымында, кээ бир үй-бүлөлөр бул батирлерди ата-энелеринен мураска алышкан. Азыркы тапта алар башка жайга көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип жатышат.
Биз бардык мекемелерге кайрылдык. Сиз — биздин акыркы үмүтүбүз.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири Оля Миронова өзүнүн жеке абалын айтып берди. Ал балалык чагын детский үйүндө өткөргөнүн, азыр эки баласын тарбиялап жатканын жана үйүн жоготуп алса, балдары менен кайда барарын билбей турганын белгиледи.








