Ош шаарында «Жаштык Арена» аттуу заманбап көп функциялуу спорттук-көңүл ачуу комплексин куруу пландалууда. Бул объект 5 миңден 5,2 миңге чейин көрүүчүлөрдү кабыл ала алат.

Ош шаарынын мэри «Кыргызстан менин кыялымда: Ош-2026» форумунун жабылуу аземинде долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымдады.

Долбоорго ылайык, комплекс Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Имараттын ичинде хоккей жана күрөш боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн универсалдуу спорттук аянтчалар, муз аянтчасы, ошондой эле концерттерди жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын мейкиндиктер болот.

Мындан тышкары, комплекстин ичинде соода түйүндөрү жана тамак-аш аёочу жайлар да каралган. Арена иштеп баштагандан кийин, Ош шаарында эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерди, чоң концерттерди жана маданий иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

  1. 2027-жыл, март

    Курулуш иштеринин башталышы

  2. 2030-жыл, март

    Курулуштун аякташы