Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү өстүрүү жана бакчачылык башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов радио эфирде сабиз жана пияз өндүрүшүнүн учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, акыркы 1-2 жыл ичинде сабизди өстүрүүдө тамчылатып сугаруу технологиясы активдүү колдонулуп жатат. Бул ыкма түшүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берүүдө.
Сабиздин түшүмдүүлүгү
Сабиз негизинен Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында өстүрүлөт. Акыркы жылдары аны буудай менен арпадан кийин экинчи түшүм катары себүү практикасы калыптанды.
- Чуйская
- Джалал-Абадская
- Ошская
geoBoundaries, © OpenStreetMap
Ошондой эле, өлкөдө пияз өндүрүшү боюнча маалыматтар берилди. Пияз жыл сайын 1,8-2 миң гектар жерге себилет.
Пияз боюнча көрсөткүчтөр
Туратбек Идрисовдун белгилегендей, пияздын өндүрүлүшү учурда жетиштүү, бирок жаңы түшүм келгенге чейинки 2-3 ай ичинде кээде пияз жетишсиздиги байкалып, аны сырттан алып келүүгө туура келет.













