Кыргызстан менен Аргентина жарандык авиация тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча жаңы этапты баштоода. Эки мамлекеттин профилдик ведомстволорунун ортосунда өткөн жолугушуунун алтынында кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган өз ара аракеттенүү келечегин жана авиациялык ведомстволордун ортосунда туруктуу кесиптик байланыштарды орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бул документ кесипкөй тажрыйба, техникалык билимдер жана маалымат алмашууну камтыган кызматташтыктын пайдубалын түзөт. Ошондой эле, жарандык авиациянын актуалдуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү каралган.

Кыргызстан үчүн бул макулдашуу эл аралык авиациялык өнөктөштүктүн географиясын кеңейтүүгө жана Латин Америка мамлекеттери менен байланыштарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.