Чүй облусунун Сокулук районунда көк бөрү боюнча мелдештер өтө турган 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган арена куруу пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Жаңы комплекс азыркы ипподром жайгашкан Белек айылынын жанында орун алат. Долбоор боюнча көк бөрү жана ат чабыш мелдештери үчүн эки башка курулуш каралган.
Комплекстин аймагында спортчулар, көрүүчүлөр жана аттарды багуу үчүн мейманканалар, аткана жана керектүү инфраструктура куруу пландаштырылууда.
Агенттик жетекчиси долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып жатканын белгиледи. Курулушка даярдык иштери башталган.
Бирок Асанбаев болочок комплекстин баасын жана курулуштун так мөөнөтүн атай алган жок. Ал бул иштерди мэрия жүргүзөрүн түшүндүрдү.
Объектти куруу пландары тууралуу маалымат Сокулук районунан келген радио угуучунун суроосуна жооп катары айтылды. Ал жаңы ипподром менен көк бөрү аренасынын тагдырына кызыккан.





















