2026-жылдын 30-июлунда Бишкекте Кытайдын Шаньдун провинциясы менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конференция уюштурулду. Бул иш-чара Шаньдун провинциясынын соода департаменти тарабынан өткөрүлгөн.

Конференцияга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиев катышып, калаанын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндады.

Иш-чаранын башкы окуясы катары Бишкек мэриясы менен Шаньдун провинциясынын соода департаменти ортосунда кызматташтык боюнча меморандумго кол коюлду.

Бул документ соода-экономика, инвестиция жана өнөр жай тармактарында өз ара пайда алып келчү кызматташтыкты бекемдөөгө, ишканалар арасындагы бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк түзүүнү көздөйт.

Мэрия өкүлдөрү ошондой эле кытайлык мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, инвестиция тартуу, шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, өнөр жай жана санарип технологиялар боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.