Бишкек мэриясы шаардык жетекчилиги эскирген жана учурда бүтө элек эки курулуш объектин калыбына келтирүү боюнча түздөн-түз тапшырма берди. Алардын бири - Генпрокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна жаңыдан курулуп жаткан көп функциялуу "Ala Tower" борбору.
"Ala Tower" борбору үч жыл өтүп, азырынча толук бүткөрүлө элек. Курулуш иштери "Шаако Строй" жоопкерчилиги чектелген коомунун тарабынан алып барылууда. Мэр Айбек Джунушалиев компанияга курулушту тездетүү боюнча өзгөчө тапшырма берди.
Бир айдын ичинде курулуш иштери активдүү жанданышпаса, мэрия келишимди токтотуу жана объектти мамлекеттин менчигине өткөрүү маселесин карай баштарын билдирген.
Ошондой эле, мэрия Первомай районундагы дагы бир жеӊил турмуш үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплекси боюнча да көзөмөл күчөтүлөрүн кабарлады. "Мастер Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш объекттери 2014-жылдан бери бүткөрүлө элек жана турак жай түрүндө пайдаланууга берилген эмес.




