Кыргызстан менен Кытайдын мамилелери акыркы жылдары жаңы баскычка чыгып, саясий диалогду гана эмес, соода, инвестициялар, транспорт, энергетика, айыл чарба, технологиялар жана билим берүү тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууну да камтыган өнүгүүнү көрүүдөбүз.

Бул кызматташтык товардык алмашуудан ашып, транспорт-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгө, экспортту көбөйтүүгө, энергетикалык потенциалды арттырууга, санарип технологияларды киргизүүгө жана кадрларды даярдоого багытталган.

Соода көлөмү жана негизги көрсөткүчтөр

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстан менен Кытайдын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 2 млрд 9,6 млн АКШ долларын түздү. Кытай Кыргызстандын тышкы соодасында 32,1% үлүшү менен эң ири өнөктөш бойдон калууда.

Соода көлөмү 2026-жыл, январь-май

2,009.6 млн $жалпы тышкы соода жүгүртүүсү
73.7 млн $экспорт Кыргызстандан Кытайга