Парламенттин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева психиатриялык жана наркологиялык кызматтарды бөлүү демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, аталган тармактардагы кырдаал жылдан-жылга начарлап баратат.

Менин оюмча, аларды бөлүү керек, анткени психиатриядагы жана наркологиядагы көйгөйлөр жыл сайын өсүүдө. Учурда экөө тең өтө оор абалда турат.
Депутат Жылдыз Садырбаева

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Жаныбек Ажибеков кадр маселеси негизинен аймактарда бар экенин, ал жакта дарыгерлер психиатрия менен наркологияны бирге алып барышаарын айтты.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев эки кызмат бириктирилгенине үч жыл болгонун, азыр министрлик бириктирүүгө чейинки жана кийинки жыйынтыктарга талдоо жүргүзүп жатканын, андан кийин акыркы чечим кабыл алынарын билдирди.

Депутат ошондой эле Чүй облусундагы Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканада аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кандай чаралар көрүлгөнүн сурады.

Борбордун директорунун милдетин аткаруучунун маалыматы боюнча, Чым-Коргондогу оорукана Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын тейлейт. Анда кадр жетишсиздиги бар — 20 бош орундун ичинен азыр алты гана дарыгер иштеп жатат.

Кадр жетишсиздиги Чым-Коргон ооруканасында

20бош орун
6иштеп жаткан дарыгер
3тейленген облус