Бишкек шаарында министрликтин экология жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлери менен бирге иш алып барып, абадагы чыгаруучу газдардын деңгээлин рейд жолу менен текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул рейддин алкагында үч протокол толтурулуп, 22 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Инспекторлор айдоочуларга мыйзамдын талаптары боюнча кеңеш берип, зыяндуу газдардын нормадан ашкан учурларын болтурбоо жөнүндө маалымдама беришти.