Мангистаунун аска мечиттери ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Бул маалыматты Tengrinews.kz жарыялаганын 24.kg билдирди.
Казакстандын Президенттик администрациясынын биринчи орун басары Ерлан Карин бул окуяны өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуя деп атады.
Соңку жылдары мамлекет башчысынын демилгеси менен бул иштер кайрадан жандандырылды. Атап айтканда, жыгачтан толугу менен курулган Жаркент мечити, Алматыдагы Вознесенский кафедралык собору, Каратау петроглифтери, ошондой эле Абайдын "Насыят сөздөрү" ЮНЕСКО тизмесине киргизүү милдети коюлган.

