Депутат Гүлжан Сатиева 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Московский районунун Беловодское айылында электр кубаттуулугунун лимити бардык тургундарга эмес, айрымдарына гана жогорулатылганын билдирди.
Анын айтымында, депутаттар Энергетика министрлигине кайрылып, калк үчүн уруксат берилген кубаттуулукту 3 кВттан 7 кВтка чейин көтөрүүнү суранышкан. Бирок маселе толук чечилген эмес: айылдагы үйлөрдүн бир бөлүгүнө лимит 7 кВтка чейин жогорулатылса, башкалары мурдагы 3 кВт менен кала беришкен. Бул үйлөрдө борбордук жылытуу жок, ошондуктан алар жылытуу үчүн электр энергиясын гана колдонушат.
Депутат мындай шартта бир эле айылдын тургундарына ар кандай мамиле жасалып жатканын сындап, эмне үчүн лимит бардыгына бирдей көтөрүлбөгөнүн сурады.
Гүлжан Сатиева Московский районундагы бардык турак үйлөр үчүн кубаттуулукту 7 кВтка чейин көтөрүүнү суранды.


















