Бишкектин борборунда, Свердлов районунун прокуратурасынын имаратынын жанында чет элдик жаран зордукталганы кабарланды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына жабырлануучунун жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, окуя 9-октябрга караган түнү, болжол менен саат 05:30да, Токтогул көчөсүндө, Свердлов районунун прокуратурасынын жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын имараттарынын жанында болгон. Алты же жети бейтааныш жаш жигит 2002-жылы туулган өтүп бара жаткан эркекке кол салышкан.

Коркутуу жана бычак менен анын уюлдук телефонун, акчасын жана башка мүлкүн тартып алышкан. Андан кийин эркекти даракка байлап, туугандарынын маалыматы боюнча, зордукташкан.

Жабырлануучунун жакындары анын Бишкектин Свердлов РИИБине арыз менен кайрылганын, ошондой эле өз өлкөсүнүн консулдугуна кабарлаганын билдиришти.

Милициянын маалыматы

Nomad басылмасы милициянын маалыматына таянып, Гоголь көчөсүндө бейтааныш адамдар эркекке кол салышканын жазды. Жабырлануучу милицияга 9-октябрда кайрылган.

«Коопсуз өлкө» видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен шектүүлөрдүн төртөөнүн өздүгү аныкталган. Алардын баары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жана Свердлов РИИБи жакынкы убакытта маалымат берүүнү убада кылышты.