Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев республикалык кеңешмеде жергиликтүү жетекчилердин өз деңгээлинде чечилиши керек болгон маселелерди чечпегендигин белгиледи. Бул жагдай жарандардын Президентке кайрылуусуна алып келип, мамлекеттик деңгээлде тынчсызданууну жаратууда.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, мамлекет башчысы өлкөнүн бардык региондорун бирдей өнүктүрүү милдетин коюп жатат, бирок жергиликтүү бийлик органдары бул максаттын маанилүүлүгүн толук түшүнбөй, тийиштүү деңгээлде иш алып барбайт.
Региондордо жаңы ишканаларды ачууга кызыгуу аз, жумуш орундарын түзүү боюнча демилгелер жетишсиз. Кээ бир аймактарда бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана натыйжалуу пайдалануу боюнча кемчиликтер бар.
Касымалиевдин белгилегендей, аймактардагы бул көйгөйлөрдүн кесепети ички миграцияда так көрүнүүдө. Калктын Бишкек шаарына жылып келиши борбордун транспорттук жана социалдык инфраструктурасына кошумча күч келтирүүдө, ал эми жолдогу тыгындар чоң көйгөйгө айланып кетти.












