Манас шаарында мэриянын кубогы боюнча эл аралык тогуз коргоолу турнири башталды. Ачылыш маалекесинде Манас шаарынын мэриясы аппаратынын башчысы Нурбек Караев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Элеманов жана шаардык физикалык маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Канатбек Куламидинов катышты. Алар атлеттерге ийгилик каалоосун билдирди.
Турнирге Кыргызстандын жана Өзбекстандын ар кайсы аймактарынан 162 атлет катышып жатат.
Турнирдин максаты жана сыйлыктары
Ушул мелдештин жеңүүчүсү Манас шаарынын мэриясынын кубогын жана «Кыргыз Республикасынын спорт мастеры» аталышын утуп алат.


















