Министр коомчулукта тарап жаткан кызматтан кетүү тууралуу маалыматтарга комментарий берип, аларды имиш деп атады. Ал учурда эч кимдин жаңы кызмат сунуштабаганын айтты.
Менин оюмда кетүү тууралуу эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө мен өкмөттөгү эң жаш министрмин. Буга Кудайга жана президентке ыраазымын. Бирок кет дешсе, кетем.
Орунтаев мамлекет башчысынын ишеними сакталганга чейин кызматында кала берерин белгиледи. Ошондой эле ал жетекчиликтен кетүү талабы келип түшсө, андан баш тартпай турганын кошумчалады.
Эске салсак, Нурдан Орунтаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп иштеп жатат. Ал 2023-жылдын декабрында бул кызматка дайындалган.








