Бишкекте 69 миң долларлык алдамчылыкка шектүү катары 1991-жылы туулган жаран Ж. К. кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 4-ноябрында жаран А. А. арыз менен кайрылган. Ал 1-октябрда Москва көчөсүндө К. деген кишиге чет өлкөгө акча которууга жардам берем деген шылтоо менен 69 миң доллар бергенин билдирген.

Бирок акчаны алган соң, шектүү убадасын аткарбай, изин жашырган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тартип сакчылары шектүүнү аныктап, кармашкан. Ал Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция кармалган адам башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Жабыр тарткандардын баарын төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга чакырат:

Учурда тергөө иштери улантылууда.