Ош — Бишкек автожолунун боюнда жайгашкан бул жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен. Азыркы учурда аталган аймакта кирпич заводу да бар. Бирок прокуратура бул жерди мамлекетке кайтарып бергенине карабастан, шаардык бийлик анын пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча эч кандай чара көрбөй жатат.

Мурунку ээси бул жерди дагы деле өзү колдонуп жүрөт. Шаардык мэрия эч нерсе кылбай жатат. Мамлекетке кайтарылган мүлктү эмне үчүн колдонбойт? Бул маселени карап берүүңүздөрдү суранам.
Жолугушууга катышуучулардын бири

Тургундардын айтымында, шаарды көрктөндүрүү үчүн бөлүнгөн жер тилкелери дагы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен учурлар катталууда. Бул жагдай боюнча прокуратура текшерүү жүргүзөт.