Евразия өнүктүрүү банкынын «Борбордук Азиянын электр энергетикалык байланыштылыгынын архитектурасы: чек арасыз энергия» аттуу докладунда Кыргызстандагы электр энергиясын керектөөнүн динамикасы көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, 2014-жылы 14,6 млрд кВт·ч болгон көрсөткүч 2025-жылга карата 19,3 млрд кВт·ч чейин жеткен.

СторисКыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап өстүСлайддар: 7
  1. Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап өстү
  2. Керектөө динамикасы. Акыркы 11 жыл ичинде өлкөдөгү электр энергиясын колдонуу 32%га жогорулаган.
  3. 14,6 млрд кВт·ч — 2014-жылдагы керектөө
  4. 19,3 млрд кВт·ч — 2025-жылга карата күтүлүүп жаткан керектөө
  5. Мезгилдик өзгөрүүлөр: Кышкысын керектөө 11,3 млрд кВт·чкө жетти; Жайкы мезгилде 6,9 млрд кВт·ч колдонулат
  6. Суу-энергетикалык система. Нарын каскадындагы ГЭСтер жана Токтогул суу сактагычы системанын негизги өзөгү болуп саналат.
  7. Көйгөйлөр. Энергияны импорттоо Токтогул суу сактагычынын деңгээлин калыбына келтирүүгө жетишсиз болууда.
14,6 млрд2014-жылдагы керектөө (кВт·ч)
19,3 млрд2025-жылдагы керектөө (кВт·ч)

Керектөөнүн сезондук өсүшү

Энергияны колдонуунун көбөйүшү кышкы жана жайкы мезгилдерде байкалууда. Банктын маалыматы боюнча, керектөөлөр төмөнкүдөй өзгөргөн:

Энергия керектөөсүнүн өзгөрүшү

  • Кышкы мезгил — 11,3 кВт·ч
  • Жайкы мезгил — 6,9 кВт·ч

ЕАБР

Кышкысын керектөө 10 млрд кВт·чтөн 11,3 млрд кВт·чкө, ал эми өсүмдүктөрдүн өсүү мезгилинде (жайкы мезгилде) 4,6 млрд кВт·чтөн 6,9 млрд кВт·чкө чейин жогорулаган.

Суу-энергетикалык системанын абалы

Кыргызстандын суу-энергетикалык системасынын негизги өзөгү Нарын каскаддагы ГЭСтер жана Токтогул суу сактагычы болуп саналат. Токтогул суу сактагычынын долбоордук кубаттуулугу 19,5 млрд куб метрди түзөт. Ал ички керектөөнү камсыз кылуу менен бирге, төмөнкү өлкөлөр үчүн сууну жөнгө салуучу функцияны аткарат.

Бирок, акыркы жылдары коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо Токтогул суу сактагычынын деңгээлин туруктуу калыбына келтирүүгө жетишсиз болууда, деп билдиришет ЕАБР өкүлдөрү.

Токтогул ГЭС — бул станциянын кубаттуулугу 1 440 МВт түзөт жана ал энергиянын эң чоң муктаждыктарын жабууга кызмат кылат.