Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Гульнара Акимбаева, Жылдыз Курманалиева жана Бекмырза Чолпонбай уулу прокуратура кызматкерлери менен жолугушту. Бул жолугушуу алардын кесиптик майрамына карата уюштурулду.
Эл өкүлдөрү кызматкерлерди 22-ноябрда белгиленүүчү Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттукташты. Депутаттар кызматкерлердин ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана өз милдеттерин татыктуу аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын ишине баа беришти.
Жолугушуунун алкагында бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды.
Депутаттардын белгилөөчөсү боюнча, прокуратура органдары мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактоодо, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоодо маанилүү ролду аткарат. Сыйлык ээлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кызматтык ийгиликтер каалашты.























