Базар-Коргон районундагы турбазанын мурдагы жетекчиси Саринжи Мамбеталиев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев тарабынан уюштурулган жолугушууда өзүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү өткөрүүнү сунуштады. Ал өз кызматында жүргүзүлгөн иштерге карата айтылган пикирлерге нааразылыгын билдирди.
Президенттин Иш башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз ээлген жерлер кайтарылды. Комиссия түзүп, бул аракеттер мыйзамдуу же жокпу, текшерип бериңиздер. Эгерде мыйзамсыз болсо — мени жоопкерчиликке тартыңыздар. Эгерде мыйзамдуу болсо — жерлер өз ордунда калышы керек.
Мамбеталиевдин айтымында, пансионаттын айланасындагы жерлер Президенттин Иш башкармалыгы менен биргеликте кайтарылган. Ошондой эле ал өзүнүн билдирүүсүндө Жогорку Кенештин депутаты А.А. жөнүндө да эске алды.
Киреше8 900 000 сом12 500 000 сом +40%
Кадр чечими
Нурсултан Маматалиев
34 жаштагы жаңы жетекчи
Аталган пансионаттын кирешесинин өсүшү байкалууда. Өткөн маусумда «Арстанбап-Ата» турбазасына болжол менен 10 миң эс алуучу келген, алардын негизги бөлүгүн Кыргызстандын ички туристтери, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Европа өлкөлөрүнөн келген коноктор түзөт.













