Кыргызстандык дарыгер Элнура Эсенбекова алты жылдан бери Россиянын борбордук шаары Москвада карылардын ден соолугун сактоо жана алардын өз алдынча жашоосуна шарт түзүү үчүн кызмат кылып келет.
Элнура Эсенбекова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү бүткөндөн кийин, Россияда ординатурага кирген. Андан соң ал геронтологиялык борбордо иштеп баштаган.
Дарыгер гериатрия тармагын эмне үчүн тандаганын, жумуш учурунда кандай кыйынчылыктарга туш келерин жана улгайган адамдардын ден соолугу үчүн эмнелер маанилүү экенин бөлүшүүдө.









