Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагына караштуу Жаны-Абад айылында социалдык шаарча пайда болду. Иштраптуу ачылыш аянтында Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Социалдык шаарчанын курулушу ушул жылдын февраль айынын башында башталган. Жаңы объекттин курамына №37 айыл орто мектебинин башталгыч класстары үчүн атайын имарат кирет. Буга чейин 1-ден 4-класска чейинки окуучулар башка имаратта окуп келишкен, ал эми азыр жаңы корпус негизги мектептин жанында курулуп, мугалимдер жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Ошондой эле, 12 жылдык окутуу системасына өтүүнү эске алуу менен, мектептин ичинде атайын тигүү цехи да каралган.

Шаарчанын мүмкүнчүлүктөрү

120окуучу
10үй-бүлө

Шаарчадагы жаңы үйлөргө 10 үй-бүлө жайгашты. Алардын ичинде 1-группадагы майыптыгы бар 40 жаштагы Үмүт Идирисов да бар. Анын энеси Жылдыз Идирисова үй-бүлөлөрдү бөлүштүрүү процесси адилеттүү болгонун белгиледи.

Үй үйлөрдү курумдаштырууда тааныш-тарапчылык кылбай, чындап муктаж болгондорго берилди. Атайын жумушчу топ жер-жерлерге барып, текшерүү жүргүздү.
Жылдыз Идирисова

Жаңы турак жай алган Үмүт Идиристовдин эки кызы бар экени жана мурда башка бирөө менен чогуу жашап, ыңгайсыздыкка учураганы айтылды.