Кыргызстандын Эл аралык жогорку медициналык мектебинин экономика жана өнүктүрүү боюнча проректору Толонбек Абдыров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форумунун пленардык жыйынынын экинчи бөлүгүндө чыгып сүйлөп, уюмдун өлкөлөрүнүн жасалма интеллект, илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, тарыхый Улуу Жибек Жолу өлкөлөрдү соода, билим алмашуу жана маданият аркылуу бириктирген болсо, бүгүн жасалма интеллект инновациялар, билим берүү жана илимий изилдөөлөр аркылуу мамлекеттерди байланыштырган жаңы санариптик Жибек Жолу боло алат.

Бүгүн жасалма интеллект дүйнөлүк экономиканын негизги технологияларынын бирине айланууда. Ал билим берүүнү, медицинаны, транспортту, өнөр жайды, каржыны жана башка тармактарды өзгөртүп, ШКУ өлкөлөрү үчүн кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатат.
Толонбек Абдыров

Ал Жибек Жолунун өлкөлөрү үчүн жасалма интеллект боюнча университеттердин жана илимий борборлордун тармагын түзүүнү сунуштады. Бул тармак биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташат.

Мындан тышкары, проректор заманбап билим берүү программаларын, илимий лабораторияларды жана жасалма интеллект тармагындагы адистерди даярдоочу аянтчаларды бириктире турган бирдиктүү санариптик билим берүү мейкиндигин түзүү демилгесин көтөрдү. Анын пикири боюнча, студенттерди, окутуучуларды жана изилдөөчүлөрдү алмашууну камтыган академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү да маанилүү багыт болушу керек.