Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаардык Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин башкармалыгы социалдык тармактарда жарыяланган видео кайрылууга байланыштуу курулуш объектисинде ыкчам текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын К. Тыныстанов көчөсү, 215 дарегинде жайгашкан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин административдик имаратын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзгөн “Премиум Строй Групп” ЖЧКсы эреже бузууга жол бергени аныкталган.

Тактап айтканда, коргоочу тосмолорду орнотууда жыгач тактайлар түздөн-түз дарактардын сөңгөгүнө мык менен кагылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында дарактарга бекитилген жыгач тактайлар жана коргоочу тосмолор дароо алынып салынды.

Мындан тышкары, курулуш компаниясына карата тиешелүү акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйрук берилди. Ошондой эле компанияга курулуш иштерин экологиялык жана курулуш коопсуздугунун талаптарын так сактоо менен улантуу зарылдыгы көрсөтүлдү.