Бишкекте «Кок-Жар» кичирайонундагы 7-Апрель көчөсү, 266/2 дарегиндеги курулуш объектилерин текшерүү жыйынтыгында мыйзамсыздык аныкталды. Бул тууралуу Министрлик билдирди.
Текшерүү тротуардын бузулушу тууралуу арыздан кийин жүргүзүлүп, казуу иштеринин жүрүшүндө тротуардын бетинде сыйрылуулар пайда болгону аныкталган.
Ошондой эле курулуш нормалары, санитардык эрежелер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы белгиленди. Курулуш объектиси Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбай, иш жүргөн.
Прораб менен инженер-техникалык кызматкерлердин квалификациялык сертификаттары жокко чыгарылып, объекттин иш долбоору жана шаар куруу корутундусу жараксыз деп табылды.
Компанияга 200 миң сом айып пул салынды жана бузулган тротуарды толугу менен калыбына келтирүү милдети жүктөлдү.
Октябрь райондук ИИБ жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан объектте оор жүк ташуучу атайын техниканын колдонулушуна тыюу салынды жана ал жабдылар опечттелди.
Тротуардагы бузулуу болгон аймак тосулуп, пешеходтордун коопсуздугу үчүн кошумча жарык орнотулду.









