Баткен шаарынын тургуну Султанмурат Латиповдун короосунда 8 түп лимон дарагы өсөт. Ар жылы түшүмгө жараша баа коюлуп, аны жергиликтүү тургундар сатып алышат. Өткөн жылы түшүм аз болгондуктан, сатууга чыгарылган эмес. Быйыл болсо, фермердин айтымында, түшүм өткөн жылга салыштырмалуу жакшы.
Лимон дарагы көп эмгекти талап кылат. Мезгил-мезгили менен бутоо жүргүзүлөт, анткени жапайы бутактар өсүп чыгат. Алар тикенектүү жана мөмө бербейт. Мындан тышкары, лимон дарагы жылына эки жолу мөмөлөйт.
Жылуу климаттын аркасында өткөн жылы байланган мөмөлөр азыр гана бышып жатат. Алар узак убакыт бою жашыл бойдон туруп, жакында эле саргайган. Гүлдөө мезгилинде лимон дарагы өрүк дарактары менен бирге бүчүр байлап, анын жыты сирендин жытындай болот.
Латипов лимондон тышкары апельсин жана башка гүлдөрдү да өстүрөт. Анын айтымында, лимон өстүрүү тажрыйбасы ага башка өсүмдүктөрдү багууга да жардам берет.
























