Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан бул долбоор аймакты комплекстүү өнүктүрүүнү көздөйт. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору учурда коомдук талкуу жүрүп жатат.

Өнөр жай жана алтын өндүрүшү

Программанын артыкчылыктуу багыттарынын бири өнөр жай болуп саналат. Өлкөнүн экономикасына салым кошо турган бир нече ишканалардын курулушу пландалууда.

  1. 2027-жылдын аягына чейин

    Кадамжай районунун Айдаркен шаарында кирпич заводун куруу

  2. 2028-жылдын аягына чейин

    Ртуть жана сурьма калдыктарын кайра иштетүүчү ишкананы куруу

  3. 2029-жылдын экинчи чейреги

    Баткен шаарындагы логистикалык борборду ишке киргизүү

  4. 2030-жылга чейин

    Молдо-Нияз айыл аймагындагы алтын кенин иштетүү

Логистика жана чакан өндүрүш

Аймактын инфраструктурасын жакшыртуу максатында логистикалык борборлорду куруу каралган. Ошондой эле чакан өндүрүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Баткен шаарынын Чет-Булак өнөр жай зонасында 3 миң тонна сыйымдуулугу бар логистикалык борбор курулат. Мындан тышкары, Раззаков шаарында агрологистикалык борбор, Кадамжай районунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылат. Согмент айылындагы мурунку мончо имараты тигүү цехине айландырылат.

Айыл чарбасын колдоо

Иш-чаралардын чоң бөлүгү айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана дыйкандарды сугат суусу менен камсыз кылууга багытталган. Мисалы, Лейлек районунун Максат айылында Арк массивине суу берүү үчүн дюкер куруу пландалууда.