Баткен облусу ондогон жылдар бою экономикалык обочолонууга жакын абалда болгон. Башка аймактар менен транспорттук байланыштын начардыгы, Тажикстан жана Өзбекстан менен талаштуу аймактардан улам чыңалуу, социалдык көйгөйлөрдүн күчөшү жана жергиликтүү бийликтин аларды чече албагандыгы — мунун баары 30 жыл бою аймактын өнүгүшүнө тоскоол болгон.

Бул мезгил аралыгында өлкөнүн эң батыш бөлүгүндөгү бардык заводдор жана фабрикалар жабылып, шахталар менен кендер ташталган. Натыйжада, калктын басымдуу бөлүгү туулуп-өскөн жерин таштап, чет өлкөлөргө иштөөгө кетүүгө аргасыз болгон, анткени ал кезде жашоого акча табуунун башка жолдору дээрлик жок эле.

Жаңы доор: өнүгүү жана инвестициялар

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарында аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, эң оор мезгилдер артта калды, ал эми чек ара маселесинин чечилиши аймактын коопсуздугун камсыз кылды.

Бүгүн мен сиздерге ишенимдүү айта алам: эң оор мезгилдер артта калды. Эң негизгиси — биздин чек аралар толугу менен аныкталды, аймактын коопсуздугу камсыздалды.
Президент Садыр Жапаровдун Баткен тургундарына кайрылуусунан

Акыркы жылдары Баткен кооптуу чек ара аймагынан өлкөнүн туруктуу жана коопсуз өнүгүү борборуна айланып баратат. Мамлекеттик бюджеттин бир нече эсе көбөйүшү жана мамлекет башчысынын өзгөчө колдоосунун аркасында аймакта ондогон заманбап мектептер, бала бакчалар, ички жолдор жана өндүрүш ишканалары курулууда. Ошондой эле эмгек акылар, жөлөк пулдар жана пенсиялар кыйла жогорулатылды.

Бүгүнкү күндө Баткендин алдында заманбап логистикалык борборлорду куруу, пайдалуу кендерди натыйжалуу өздөштүрүү жана аймактагы инвестицияларды кармап турууга мүмкүндүк берүүчү инновациялык ыкмаларды киргизүү милдеттери турат. Бул айыл чарба жана туризм сыяктуу тармактардагы экономикалык потенциалды толук ачууга шарт түзөт.

Чек ара чечилди — жаңы мүмкүнчүлүктөр

Баткендин 2020-жылдагы жана 2026-жылдагы абалын салыштырууну сандар менен эле чектөөгө болбойт. Бул мезгил Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азияга коопсуздук, ишеним жана туруктуулук алып келген тарыхый учур болуп калды. Фергана өрөөнүндөгү Кыргызстандын эң жаш облусу бир нече жылдын ичинде чыңалуу аймагынан социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган аймакка айланды.

2020-жылдагы элдик толкундоолордон кийин өлкөнү жетектеген президент Садыр Жапаров биринчилерден болуп чек ара маселелерин чечүүгө киришкени белгилүү. Анткени ошол мезгилде чек арадагы абал өлкөнүн учурдагы абалына жана анын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир эткен.

Бардык талаштуу аймактар боюнча макулдашууларга жетишип, Бишкек, Ташкент жана Дүйшөмбү эң жакын союздаштар катары Фергана өрөөнүндө жана чек арага жакын аймактарда ишенимдин жана туруктуу өнүгүүнүн чоң мейкиндигин түзүүдө.

Келечекке карай кадамдар

Баткенде энергетика жана транспорт тармагындагы ири долбоорлор жигердүү талкууланууда. Аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн чечүү жана коңшу өлкөлөр менен транспорттук коридорлорду түзүү үчүн жолдор курулууда. Коңшу өлкөлөр менен мамилелер союздаштык принциптерге негизделип, бул аймактын экономикалык өсүшүнө шарт түзөт.

Жаңы өндүрүштөр ишке кирип, аймактын экономикасы ар тараптуу өнүгүүдө. Баткендин тургундары эми өз жеринде эмгектенип, жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышууда.