Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аймактардагы медицина кызматкерлерине стимул берүүчү төлөмдөрдү камтыган программа боюнча жалпы 864 дарыгер иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ведомствонун кадрдык маселелерге арналган коллегиялык жыйынында билдирди.

66 000 сом ар бир квартал үчүн

Программанын алкагында адистерге ар бир үч ай сайын стимулдоочу төлөмдөр берилет.

Министрдин айтымында, медициналык мекемелердин жетекчилери адистерди жергиликтүү жерлерде сактап калуу үчүн мамлекеттик колдоо механизмдерин көбүрөөк колдонушу зарыл. Ал кадрларды камсыз кылуу жоопкерчилиги окуу жайларга гана эмес, ошондой эле медициналык мекемелердин жетекчилерине да жүктөлүүүн белгиледи.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр

Программа боюнча иштегендердин саны

190адис","region":"Баткен облусу"
30дарыгер","region":"Чүй облусу"},{

Бул долбоор эң активдүү Баткен облусунда ишке ашырылып жатат, ал жерде 190дан ашык адис программанын катышуучусу болуп эсептелет. Ал эми Чүй облусунда болжол менен 30 дарыгер бул стимулдарды алат.