Баткен шаарында заманбап оптово-сатуу комплекси курулушу улантылып жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов өз көзөмөлүндө жүрүп жаткан иштер менен таанышкан.

Бул ири инфраструктуралык долбоор республикалык бюджеттен жыл сайын 500 миллион сом бөлүнүп, бир нече этапта каржыланууда. Комлекс төрт блоктон турат.

Азырынча биринчи блоктун курулушу бүткөрүлүп, калган үч блоктун курулушу жана айлана-чөйрөнү өнүктүрүү иштери — жолдордун курулушу, суу менен камсыздоо, жарык берүү, автоунааларды токтотуу үчүн жайларды түзүү жана айлана-чөйрөнүн кооздолушу пландалууда.

Жобонун аякташы менен комплекс Баткен облусунда соода жана ишкерликти өнүктүрүүгө кошумча шарттарды түзөт.