Кыргызстандагы мектептерде окуучулардын бири-бирине каордук көрсөтүүсү боюнча билдирүүлөрдү каттоо жана аларды беш жумушчу күндүн ичинде карап чыгуу милдеттендирилиши сунушталууда. Бул боюнча «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кенештин кароосуна киргизилди.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Улан Примов. Документте «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн мыйзамдаштыруу, ошондой эле окуучулар арасындагы каордук учурларына тез арада жооп кайтаруу тартибин белгилөө каралган.
Мыйзамга ылайык, мектептер каордук боюнча болжолдуу билдирүүлөрдү каттоога тийиш. Маалымат катталгандан кийин, укуктуу кызматкер аны кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен текшерип чыгышы керек. Андан соң материалдар мектеп жетекчиси тарабынан түзүлгөн атайын комиссияга өткөрүлүп берилет. Комиссия билдирүү катталган күндөн тарта эң көп дегенде 5 жумушчу күндүн ичинде маселени карап чыгышы зарыл.
Эгерде баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туулуп турса, мектеп администрациясы анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн дароо чара көрүшү жана зарыл болсо мамлекеттик органдарга кайрылышы шарт.







