Суур жер ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын айыл чарба комплексин кластердик өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Бул документ 2026-жылдан 2036-жылга чейинки мезгилди камтыйт.

Негизги максат — аймактык адистештикти жана рыноктун суроо-талаптарын эске алуу менен өндүрүш, кайра иштетүү, сактоо, логистика жана айыл чарба продукцияларын сатууну бириктирген туруктуу кластерлерди түзүү.

Өндүрүш чынжырларын түзүү

Концепция боюнча интеграцияланган өндүрүш жана сатуу чынжырлары калыптанышы керек. Буга төмөнкүлөр кирет:

  • айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр
  • кооперативдер
  • кайра иштетүүчү ишканалар
  • продукцияны сактоо, ташуу жана сатуу менен алектенген уюмдар

Негизги басымдар

Министрлик өлкө ичинде кошумча нарк түзүү үчүн айыл чарба чийки затын өнөр жай деңгээлинде кайра иштетүүнүн көлөмүн арттырууну пландап жатат. Ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны ички жана тышкы рынокторго чыгаруу максат кылынган.

Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү иштер жүргүзүлөт:

  • айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо
  • өзүбүздүн чийки зат базасын чыңдоо
  • өндүрүштүк жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү
  • продукциянын сапатын жогорулатуу