Жогорку Кенештин пленардык жыйынында сүйлөгөн депутат Ырысбек Атажанов «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын аймактардагы айылдарды газ менен камсыздоо боюнча милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбай жатканын белгиледи. Ал бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
Депутаттын маалыматы боюнча, Кадамжай районунун бир катар айыл аймактарында газ жарым-жартылай гана жеткирилет. Тургундар өз каражаты менен долбоорлорду даярдап, компанияга кайрылышкан, бирок жооп алышкан эмес.
- Орозбеков айыл аймагында газ айылдардын айрым бөлүгүндө гана бар.
- Бирлик айыл аймагында газ эки айылга гана тартылган, калган жети-сегиз айылда газ жок.
- Ак-Турпак жана Молдо-Нияз айыл аймактарында эски газ түтүктөрү гана сакталып калган.
Бир айыл аймагында газ болгону эки айылда гана бар. Бир айылдын тургундары өз эсебинен долбоордук документтерди даярдашкан, бирок маселе чечилген эмес.
Атажановдун пикири боюнча, эгерде учурдагы газ өткөргүчтөрдү реконструкциялоо жүргүзүлсө, айылдарды толук кандуу газификациялоо мүмкүнчүлүгү бар.











