Bishkek Investment Forum — BIF 2026 инвестициялык форумунун алкагында Эрлист Акунбеков 2026-2027-жылдары жазгы-талаа иштерин каржылоо үчүн 20,8 млрд сом бөлүп берүүнү жана кредиттик ченди 6%дан 3%га чейин азайтууну пландап жатканын айтты.
Министрдин айтымында, негизги максат — жылдын аягына чейин каражаттарды банктарга которуп, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана жакшы түшүм алуу үчүн ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу маанилүү экенин белгилеген министр, бул багытта жыл сайын болжол менен 12 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады. Бул каражаттар суу сактагычтарды калыбына келтирүүгө, жаңы каналдарды курууга жана бетондаганга жумшалат.
Каржылоо көлөмдөрү
Ошондой эле, фермерлердин жеңилдетилген кредиттерди алууда туш келе турган көйгөйлөрдү аныктоо үчүн iDyikan тиркемеси иштелип чыккан.











