Физикалык маданият жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы балдар жана жаштар спорттук мектебинин тогуз коргоо боюнча тренери Жумамудун Курманалиевди кабыл алды.
Агенттиктен берилген маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Урмат Асанбаев Жумамудун Курманалиевге Кыргыз Республикасынын Эмгекчил тренери наамын тапшырды.
Ведомство башчысы наставниктин спорт тармагындагы көп жылдык жемиштүү эмгегин белгилеп, улуттук тогуз коргоо оюнун өнүктүрүүгө жана жаш муунду тарбиялоого кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал ага ишинде албандуу ийгиликтерди каалады.
Курманалиев спорт тармагында 1980-жылдан бери иштеп келет. Ал 1993-жылдан тартып тогуз коргоо боюнча тренер болуп иштеп, көптөгөн жаш спортчуларды даярдаган.
Буга чейин ал «Билим берүү жана физикалык маданияттын отличниги» наамын, эл аралык категориядагы төлөмчү наамын, «Кыргыз Республикасынын спортунун ветераны» төш белгисин жана башка бир катар сыйлыктарды алган.














