12-ноябрда Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин башкаруусунда облустук коллегиянын жыйыны өттү. Жыйында Жоош айыл өкмөтүнүн ишиндеги олуттуу кемчиликтер талкууланды.

Межведомстволук электрондук документ жүгүртүү системасында Жоош айыл өкмөтү 8 ай бою келген каттарга жооп бербей келгени аныкталды. Бул маселе боюнча президенттин өкүлү кызматкерлердин көзөмөл жүргүргөнүн жана эмне үчүн жооп бербегенин сурады.

Эгерде кабинет жок болсо, өзүңүздүн кабинетиңизге отургузуңуз! Бул эмне деген актоо — «кабинет жок» деп? Өзүңүздүн кабинетиңизге отургузуңуз.
Аманкан Кенжебаев, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү

Айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбет Калмуратов бош кабинеттин жоктугун жана кызматкерлердин тергөө иштеринде көп болуп калганын себеп катары айтты. Президенттин өкүлү болсо мындай жоопторду нааразычылык менен кабыл алып, аларды негизсиз деп эсептеди.

Ошондой эле президенттин жарлыктарын жана өкмөттүн токтомдорун аткарууда кечигүүлөр болуп жаткандыгы белгиленди. Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев текшерүүлөрдүн тартиби боюнча маалымат берип, бул маселе боюнча чаралар көрүлөрүн билдирди.