Өлкөдөгү алдыңкы спортчуларга стипендия төлөө тартибин жөнгө салуучу 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Бул чечим спортчулардын жетишкендиктерин эсепке алуу тартибин жаңылайт.

Жаңы эрежелерге ылайык, спортчу бир эле учурда бир нече титулга ээ болсо, стипендия эң жогорку өлчөмдөгү жетишкендиги үчүн гана төлөнөт. Ар кандай титулдар үчүн стипендияларды кошумчалоого жол берилбейт.

Ай сайын төлөнө турган стипендиялардын өлчөмү

30 0001-орун үчүн (сом)
25 0002-орун үчүн (сом)
20 0003-орун үчүн (сом)
20 000Дүйнө чемпиону үчүн (сом)

Стипендия белгилөөдө спортчулардын эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери кеңири каралат. Бул тизмеге Олимпиада, Паралимпиада, Сурдлимпиада жана Азия оюндарынын, ошондой эле Дүйнө чемпионатынын, Азия чемпионаттарынын, Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын жана Ислам солидардуулугу оюндарынын жыйынтыктары кирет.

Финансы министрлигиге республикалык бюджетке зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырылды.