Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Орто-Токой суу сактагычында түнкү рейд жүргүздү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор районундагы суу сактагычта балык уулоо эрежелерин бузган эки жаран аныкталды.
Текшерүү учурунда мыйзамсыз кармалган балыктар табылды.
Укук бузуучуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү токтомдор чыгарылды. Мындан тышкары, балык ресурстарына келтирилген зыян үчүн айып пул төлөө талабы коюлду.
17 170 сом зыяндын өлчөмү
Браконьерлер балык ресурстарын бузуу менен келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө милдеттүү.












