Нарын облусунун Жумгал районунда эмгек ардагери Алмазбек Абдрахманов узакка созулган оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.

Алмазбек Абдрахманов 1941-жылы 18-апрелде Жумгал районунун Жаңы-Жол айылында жөнөкөй эмгекчи үй-бүлөдө туулган. Атасы Абдрахман Жееналиев «Эмель» колхозунда чабан, энеси Зыйнат Кадыралы кызы ошол эле колхоздо чабандын жардамчысы болуп иштешкен.

Анын балалык чагы согуш жылдарына туш келип, оор сыноолорду башынан өткөргөн. Жакындарынын айтымында, атасы 1942–1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, энеси ошол мезгилде тылда эмгектенип, үй-бүлөнүн бүт түйшүгүн тарткан.

1948-жылы Жаңы-Жол айылындагы башталгыч мектепке кирип, 1953-жылдан тартып Көк-Ой айылындагы жети жылдык мектепте окуусун уланткан. 1956-жылы 16 жашында «Эмель» колхозунда чабандын жардамчысы болуп иштей баштаган.

Армияда кызмат өтөп, айдоочу кесибине ээ болгон

1961–1963-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, электрик адистигин алган. Кызматтан кийин, 1964-жылы Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарында окуп, айдоочу кесибин өздөштүргөн.

Эмгек жолу: чабандыктан ардагерликке чейин

Эмгек жолун 1964–1965-жылдары Миң-Куш шаарчасында электрик болуп иштөөдөн баштаган. 1966-жылы «Көк-Ой» колхозунда чабан болуп ишин уланткан.

1966–1991-жылдары «Чаек» колхозунда улук чабан болуп эмгектенген. 1991–2003-жылдары «Кызыл-Жылдыз» дыйкан чарбасында иштеп, 2003-жылы эмгек ардагери наамын алган.

Үй-бүлөсү: сегиз бала, 27 небере, 20 чөбөрө

1967-жылы Жузумкан Садыбакасова менен баш кошуп, сегиз баланы — төрт уул, төрт кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда алар 27 неберенин жана 20 чөбөрөнүн чоң ата, чоң энеси.

Атам өмүр бою эмгекти сүйүп, балдарына үлгү болгон. Анын ардактуу эс алууга чыкканга чейинки жолу биз үчүн сыймык.
Маркумдун уулунун сөзү

Алмазбек Абдрахманов узак жылдар бою мал чарбачылыгында үзүрлүү эмгектенип, райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө салым кошкон. Анын эмгеги мамлекеттик сыйлыктар менен бааланган.