Ош шаарында болгон окуя 17-июль күнү таң эрте, тактап айтканда саат 03:00дө катталган. Ошол учурда жеринен бычактан алган жаракатынан каза болгон эркек киши табылган.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы билдиргендей, бул кылмыш боюнча шектүү катары 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран аныкталып, 04:10 чамасында кармалган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында тергөө иштери жүргүзүлүп, ар түрдүү экспертизалар дайындалды.