Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу үчүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын зоналарын өзгөртүү жөнүндө токтомго кол койду.

СторисАла-Тоо Резорт үчүн Ысык-Көлдөгү зоналар өзгөрдүСлайддар: 5
  1. Ала-Тоо Резорт үчүн Ысык-Көлдөгү зоналар өзгөрдү
  2. Эмне өзгөрдү. Министрлер Кабинети «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын зоналарын өзгөртүү жөнүндө токтомго кол койду.
  3. 5 077,4 гектар — буфердик зонанын аянты азайтылды
  4. Өтмө зонага эмнелер кирет. Жаңы зонага айыл чарба жерлери, калктуу конуштар, пансионаттар жана Асман экологиялык таза шаарынын аймагы киргизилди.
  5. Кийинки кадамдар. Экология министрлиги жана президенттин өкүлү эки жумалык мөөнөттө карталык жана эсепке алуу материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттендирилди.

Документке ылайык, буфердик зонанын аянты 5 миң 07,4 гектардан азайтылат. Ошол эле учурда өтмө зона ушул эле өлчөмдө чоңойду.

КөрсөткүчМурдаАзырӨзгөрүү
Буфердик зона2 577 995,38 гектар2 572 897,98 гектар −0,2%
Өтмө зона647 972,97 гектар652 000,02 гектар +0,62%

Өтмө зонага «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашыруу үчүн каралган жалпы аянты 5 миң 851,47 гектар жер участоктору киргизилди. Тоо кластеринин аймагы төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Боз-Учук — 945,92 гектар;
  • Ак-Булак — 1 345 гектар;
  • Жыргалан (биринчи бөлүгү) — 1 624,26 гектар;
  • Жыргалан (экинчи бөлүгү) — 1 936,29 гектар.

Ошондой эле өтмө зонага айыл чарба жерлери, калктуу конуштар, өнөр жай объекттери, пансионаттар, пайдалуу кендер жана долбоорлонуп жаткан 3 миң 143 гектардык Асман экологиялык таза шаарынын аймагы кирет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жана президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн аппараты менен биргеликте эки жумалык мөөнөттө карталык жана эсепке алуу материалдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.