Кыргызстанда кореялык бизнес-коомчулукту колдоо боюнча жаңы деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөр башталды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алкагында ачылган Korean Desk терезеси кореялык инвесторлордун суроолоруна жооп берип, алардын өлкөдөгү ишмердүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган.
Бул демилге Кореялык ишкерлерди колдоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйынынын алкагында ишке ашты. Иш-чарага агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванг Дже жана кореялык бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Талкуулардын жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын аныкташты. Алардын ичинде энергетика, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, агроөнөр жай комплекси, медицина жана туризм тармактары бар.
Биз кореялык инвестицияларды тартууга гана эмес, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, өндүрүштөрдү локалдаштырууга, алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого да кызыкдарбыз. Биргелешкен долбоорлор Бишкек шаарынын гана эмес, Кыргызстандын аймактарынын да өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү маанилүү.
Равшанбек Сабиров Сеулде өткөн «Корея — Борбордук Азия» биринчи саммити эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бергенин белгиледи. Ошондой эле, агенттик Кореядагы алдыңкы компаниялар жана каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты кеңейтүү үстүндө иштеп жатканын айтты.













