Ысык-Көл облусунун Тюп районунда КР ИИМинин Баңги заттардын мыйзамсыз айлануусу менен күрөшүү кызматы жашыруун лабораторияны аныктады.

Лабораторияда каннабис тобуна кирген наркотиктер жасалган. Марихуана, гашиш майы жана гашиштен турган 51 килограмм 200 грамм баңгизат табылды.

  • 4 кг 100 г гашиш
  • 7 кг 300 г гашиш майы
  • 39 кг 600 г марихуана

Бул жорукту уюштурган жана аткарган үч шектүү кармалды: уюштуруучу Б.Н.Б. (1987), жасоо боюнча А.Д.Т. (1995) жана К.А.Б. (2000), ошондой эле ташуучу Н.Д.Б. (2000) кармалды.

Бул факт УК КРнын 282-беренеси («Баңгизаттарды мыйзамсыз жасоо жана сатуу максатында жасоо») менен катталды. Учурда тергөө иштеринде башка катышуучулар аныкталууда.