Ак-Түз айылындагы тоңгон шаркыратма Кемин районунун чыныгы берметине айланды. Анын бийиктиги 20–30 метрге жетип, октябрдын аягынан тартып июнга чейин тоңуп турат. Күн нуру бул жерге түшпөгөндүктөн, муз кеч эрийт, бул болсо көрүнүштүн кооздугун узак убакытка сактайт.
Бул шаркыратманын келип чыгышы айылдын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Ак-Түз айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Анвар Турдубековдун айтымында, мындай көрүнүш айыл негизделгенден бери бар. Айыл 1939-жылы негизделип, 1950-жылдары бул жерге суу түтүгү тартылган. Ал совет мезгилинде суунун басымын көзөмөлдөө үчүн курулган, ал эми бүгүнкү күндө ал уникалдуу жаратылыш эстелигине айланган.
Мындай көрүнүш Ак-Түз айылы негизделгенден бери эле бар.
Жергиликтүү тургундар жана коноктор бул жерди «суюк муз» деп аташат, анткени суу үзгүлтүксүз агып, муз катмарын түзөт. Бул көрүнүш өзгөчө кышында, шаркыратма толугу менен тоңуп, жаркыраган муз айкелине окшош болгондо укмуштуудай көрүнөт.
Туристтер бул жерге бүткүл өлкөдөн, өзгөчө Бишкектен жана Чүй облусунун башка райондорунан келишет. Көптөр бул жерди социалдык тармактардан көрүп, сүрөткө түшүү үчүн атайын келишет. Бул ички туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизүүдө, анткени айылга келген коноктор жергиликтүү кафелерге жана дүкөндөргө да барышат.
Ак-Түз айылына жетүү үчүн Бишкектен Кемин районунун борборуна чейин унаа менен болжол менен 2 саат кетет. Айылга келгенден кийин, жергиликтүү тургундар шаркыратмага кантип жетүү керектигин айтып беришет. Жолдун айрым жерлери тайгак болушу мүмкүн, ошондуктан кышында саякаттоодо этият болуу керек.









